КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖОЖ РЕКТОРЛОРУНУН БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Башкы Жаңылыктар

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖОЖ РЕКТОРЛОРУНУН БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Image

Бүгүн Ош шаарындагы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өз ишин баштады.

Форумдун салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнтбек Касмамбетов, мурдагы премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, Өзбекстан Республикасынын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министринин орун басары Комилжон Каримов, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине ысмы ыйгарылган Батыралы Сыдыковдун айкели ачылды. Анда Батыралы Сыдыковдун жогорку кесипкөйлүгү, ишке болгон өзгөчө жоопкерчиликтүү мамилеси, эки элдин ынтымагын чыңдоого чыныгы элдик дипломатияны чеберчилик менен колдоно билүү жөндөмдүүлүгү эскерилди.

Форумдун иши коңшу мамлекеттердин жогорку окуу жайлары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен илимий долбоолорду ишке ашырууга багытталган.

«Жогорку билим берүү тутумундагы интеграция, кызматташтык жана инновациялар» аталышындагы иш-чарага эки өлкөнүн 70 жакын ЖОЖ ректорлору жана ири билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

https://edu.gov.kg/posts/2103/

Фото галерея