ОшМУда окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиника ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиника ачылды

Image

Ош шаарынын күнүн утурлай ОшМУда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасынын ачылуу аземи болду.

Аземге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Имараттын кызыл тасмасы кесилип, келген коноктор ветеринардык клиниканын окуу-лабораториялык базасы менен таанышып, профессор А.Х. Абдурасуловдун  “Асыл тукум  иштери боюнча  биотехнологиялык  борбор” аттуу презентациясына күбө болушту.

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасы 5 кабаттан туруп анда окуу лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык, окуу залдары жайгашкан.  Имараттын аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Имарат окуу жайдын ички каражатынын эсебинен курулду. 

“Ош шаарынын күнүн утурлай ОшМУда эки жаны окуу корпусун пайдаланууга берип жатабыз. Окуу жай билим, тарбия гана бербестен Ош шаарын  көрктөндүрүүдө, жашылдандырууда, социалдык жактан өнүгүүсүндө  да салым кошушу зарыл. Бул багытта окуу-өндүрүштүк, медициналык клиникаларыбыз аркылуу шаар тургундарына кызмат көрсөтүп келебиз. Жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан ветеринардык клиникабыз шаар тургундары үчүн да ветеринардык оорукана катары кызмат көрсөтүүсүнө шарттарды жаратып жатабыз“,- деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиниканын материалдык-техникалык базасы үчүн да окуу жай заманбап жабдууларды, УДИ, рентген, анализ алуучу аппараттарды алып берген. Андан сырткары Айыл чарба министрлигинен да 100 000 АКШ долларлык грант утуп алышкан. Долбоордон түшкөн каражаттар ветеринардык клиниканын шарттарын кеңейтүүгө жумшалат.  

Учурда ОшМУда “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун жана Ош шаарынын эски шаардык ооруканасынын ордуна түшүп жаткан  7 кабаттуу ОшМУнун медициналык клиникасын курулуш иштери  жүрүп жатат.

 

 

Фото галерея