Студенттик алмашуу программалары ийгиликтүү ишке ашууда

Башкы Жаңылыктар

Студенттик алмашуу программалары ийгиликтүү ишке ашууда

Image

Батыш Чех  университетинин бакалавр багытында билим алган 8 студенти Эл аралык мамилелер факультетине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алууга келди. Студенттер менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугуп, алдыдагы окууларына ийгилик калоо менен бирге, жергиликтүү элдин маданияты жана  тарыхый жерлери  менен таанышууга чакырды.

ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда 2017-жылы билим жана илим тармагындагы байланыштар түзүлүп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган. 

Эки университеттин кызматташтыгынын алкагында Эл аралык мамилелер факультети студенттик академиялык мобилдүүлүк программасын ийгиликтүү ишке ашырууда. Ар жылы  Чехиядан Эл аралык мамилелер факультетине күзгү семестрге, ал эми биздин студенттер жазгы семестрге Батыш Чех университетине окууга барышат.

Эл аралык мамилелер факультетинин 8 студентти ушул окуу жылынын жазгы семестринде  Чехияга академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окууга барып келди.

Жакынкы күндөрү Батыш Чех университетинин философия факультетинин деканы Девид Шанс ОшМУга келип, кызматташуу алакаларын кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Фото галерея