Өзбекстанда өткөн мелдеште  студенттик команда байгелүү орунга  ээ болду

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстанда өткөн мелдеште  студенттик команда байгелүү орунга  ээ болду

Image

2023-жылдын 2-8-октябрь күндөрү Өзбекстандын  Жызак облусундагы  Жум-Жум сай туристтик комплексинде спорттук туризм боюнча “Дүйнөлүк биринчилик” болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Белорусь, Тажикстан, Казакстан, Индия жана  Өзбекстан өлкөлөрүнөн 36 команда катышты. Таймашта ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети жана STEM инновациялык колледжинин туризм адистигинен түзүлгөн командалар да күч сынашты.

Ага ылайык оюндун эстафеталык жана топтук түрү боюнча 2-орунду багындырышты. Ошондой эле Өзбекстандын  Жызак облусундагы  туризм департаменти менен эл аралык туризмди өнүктүрүү максатындагы меморандумга кол коюлду.

Фото галерея