Студенттерге Корей Өкмөтүнүн стипендиялары тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

Студенттерге Корей Өкмөтүнүн стипендиялары тапшырылды

Image

ОшМУга келген Корея Республикасынын Бишкектеги билим берүү департаментинин директору Ким Дженг баштаган делегация Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде болуп, корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге Корей Өкмөтүнүн стипендиясын тапшырды.

Жолугушууга эл аралык байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова, университеттин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев, окутуучулар, студенттер катышты.

“Быйылкы жылы Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде филологиялык билим берүү программасынын алкагында корей тили профили боюнча 25 студент кабыл алынды. Мындан сырткары 2-3-курстун студенттери да бар. 1-курска кабыл алынган студенттерге стипендиянын өлчөмү жалпы республикалык тестирлөө менен аныкталат. Жалпылап айтканда ЖРТнын жыйынтыгы боюнча студенттер 100, 200, 400, 800 АКШ даллары өлчөмүндөгү стипендиядарды алышты. Мындан сырткары 1-2-курстун студенттери да жалпы жетишүүсүнө жараша 100 даллардан 800 далларга чейин стипендияга ээ болушту”,- деди Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова.

Делегация ОшМУда корей тилинде окуп жаткан студенттердин окуу процесси менен таанышуу, окуу процессине зарыл жабдыктар  менен камсыздоо жана стипендия тапршыруу максатында келишкен. Жолугушууда  студенттерге эки өлкөнүн атрибуттары түшүрүлгөн символикалык кийимдер да белекке берилди.  

Корей тили адистиги ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин базасында 2021 -жылы ачылган. Учурда бул багытта 40ка жакын студент билим алууда. Учурда факультетте Түштүк Кореянын университеттеринен келген эки окутуучу эмгектенет.

 

Фото галерея