ОшМУда Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтөт

Image

2023-жылдын 13-октябрында ОшМУда Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форуму өтөт.

 Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Ош мамлекеттик университети, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Россиянын ректорлор союзу, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жатат.

Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын ректорлору катышат. 

Форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү билим берүү процессин түзүү болуп саналат.

Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунун алкагында студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк чөйрөсүндөгү университеттер аралык долбоорлорду колдоого алуу, жогорку окуу жайлардын биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, илимий изилдөө иштерин, квалификацияны жогорулатуу программаларында кошумча кесиптик билим берүү жана кесиптик кайра даярдоо программаларын, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди уюштурууга багытталган келишимдерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Форумдун сайты: https://forum.oshsu.kg/