Кыргызстан жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму башталды

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстан жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму башталды

Image

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форуму Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп жатат.

 Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын  80ден  ашуун ректорлору катышууда. 

Жыйын билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү билим берүү процессин түзүү максатында өтүүдө.

Форумдун алкагында 50дөн ашуун эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Ош мамлекеттик университети, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Россиянын ректорлор союзу, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жатат.

Алгачкы жолу форум 2019-жылдын март айында Бишкек шаарында Россиянын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн. Андан кийинки экинчи форум  2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында уюштурулган.  

 

Фото галерея