ОшМУ шаар тургундарын JashtarCamp2023 иш-чарасына чакырат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ шаар тургундарын JashtarCamp2023 иш-чарасына чакырат

Image

Ош мамлекеттик университети Youth Of Osh коомдук уюму менен биргеликте  Жаштар КЭМП 2023 (JashtarCamp2023) иш-чарасын уюштуруп жатат.

Жаштар КЭМП 2023 иш-чарасы 2023-жылдын 28-октябрь күнү окуу жайдын базасында өтүп, анда өз тармагынын мыктылары , кесипкөй спикерлер өздөрүнүн тажрыйбалары, ийгиликтери менен бөлүшүшөт.

Ошондой эле катышуучулар  билим алуу жана өзүн өзү өнүктүрүү,  ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле,  спорт жана сергек жашоо, финансылык сабаттуулук жана үй-бүлөлүк бюджетти түзүү боюнча тиешелүү маалыматтарга ээ болушат. Ал эми эң активдүү катышуучуларды жагымдуу белектер күтөт.

Иш-чарага  катталуу үчүн төмөндө  турган шилтеме аркылуу анкетаны толтуруңуз

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSc0s2Q0NrF4iCBqDx2V20dQesAHShP0EILkCVwhMNWurr6ViQ/viewform?fbclid=PAAaY5WP_oFbACX6WpV_Rnk0v-oNJ55BKJMSr63q1IplFyuX9vD1Czds6SWVI_aem_AdA-T8xImhb0YU5dLyJkDFWAgLmCs0pt64Gs0RrXdbWOPzXuYHgGyq50s8akpraJsnk

Фото галерея