Кореянын Кванджу университети ОшМУ менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

Кореянын Кванджу университети ОшМУ менен кызматташат

Image

Кореянын Кванджу университетинин проректору  Ким Гап Ёнг баштаган делегация ОшМУнун эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебине келди. Мында коноктор эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов  жана  профессордук-окутуучулук жамаат менен жолугушту
Жолугушууда  тараптар кызматташуунун кенен спектрлерин талкуулоо менен бирге академиялык алмашуулар, студенттер үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттарын макулдашышты.
Ошондой эле  ОшМУнун менен Кванджу университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.
Келишимде профессорлордун, илимий кызматкерлердин, окутуучулардын студенттер менен аспиранттардын академиялык мобилдүүлүгү, эки өлкөнүн Билим берүү министрлигинин жобосуна ылайык биргелешкен программаларды иштеп чыгуу, академиялык маалымат, академиялык материалдар жана басылмалар менен алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жана илимий конференцияларды өткөрүү багыттары каралган. 
Кванджу университети Кореядагы ири жана беделдүү ЖОЖдордун катарына кирет.

Фото галерея