Регби боюнча өлкө чемпионатында ОшМУ 3-орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Регби боюнча өлкө чемпионатында ОшМУ 3-орунду ээледи

Image

 Бишкекте өткөн регби боюнча өлкө чемпионатында ОшМУнун курама командасы катышты. Турнирдин жыйынтыгында, окуу жайдын жаңыдан түзүлгөн командасы мыкты оюн көрсөтүп үчүнчү орунга ээ болгон.
ОшМУнун регби боюнча курама командасында 8 оюнчу бар. Алар курамын негизинен дене тарбия факультетинин студенттери түзөт. Курама команданын машыктыруучусу аталган факультеттин окутуучусу, Шумкарбек Окен уулу. 
Регби олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Машыктыруучунун айтымында келечекте регби боюнча кыздар курама командасын түзүү пландалууда.  Ошондой эле спорттун бул түрүн университеттеги окуу программасына киргизип, студенттер арасында кеңири жайылтууну максат кылышууда.

Фото галерея