Окумуштуу Жумали Адилбаевдин 75 жылдык мааракеси белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Окумуштуу Жумали Адилбаевдин 75 жылдык мааракеси белгиленди

Image

Тарых жана социалдык иштер факультетинин профессору Жумали Адилбаевдин 75 жылдык мааракесине арналган  “Дүйнөнүн жана Кыргызстандын  тарыхын изилдөөнүн, окутуунун методологиялык маселелери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференцияга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимпоздор, окутуучулар, аспиранттар, магистранттар, студенттер катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окумуштуу Жумали Адилбаевди мааракеси менен куттуктап, тарых илиминин өнүгүшүнө жана жаш адистерди даярдоого кошкон салымын белгиледи.

Пленардык жыйында көрүнүктүү илимпоздор жана коомдук ишмерлер Ж.А.Адилбаевдин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн чагылдырган тематикалык докладдарды жасашты жана азыркы тарых илиминин көп тараптуу маселелерине токтолушту.

Илимий форумдун экинчи бөлүгү секциялык иштерде уланып, анда 100гө жакын катышуучулар азыркы тарых илиминин түрдүү аспектилери, дүйнөлүк тарых, Кыргызстандын тарыхы боюнча изилдөөлөр жана окутуунун актуалдуу маселелери боюнча баяндамаларды жасашып, жыйынтыгында резолюция кабыл алышты.

Адилбаев Жумали Адилбаевич 1948-жылы 6-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

ОшМУнун, облустук мамлекеттик администрациянын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамоталары, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», «КР бюросунун эмгек сиңирген ишмери» төш белгилери менен сыйланган. 

Фото галерея