STEM инновациялык колледжи 16 мекеме-ишкана менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

STEM инновациялык колледжи 16 мекеме-ишкана менен меморандумга кол койду

Image

2023-жылдын 21-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин колдонмо информатика жана маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистиктери мекеме-ишканалар менен кызматташуу меморандумуна кол койду.

Алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы, Алай районунун Үч-Дөбө  айыл өкмөтү , Насирдин Исанов айыл өкмөтү, “Мастер Принт” полиграфиялык борбору, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын  Ош шаарындагы филиалы, “Кадастр”   мамлекеттик иш канасынын Ош шаарындагы филиалы, Бируни IT мектеби, Кара-суу райондук социалдык фонд башкармалыгы, “Тез Тап КейДжи” жарнамалык агенствосу, Кыргыз почтасы ачык акционердик коомунун Кара-Суу райондук филиалы, Мугалим өнүгүү борбору, Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү, “Азия банк” жабык  акционердик коому, “Финка банк” жабык акционердик коому Ош филиалы, “Коммерциялык банк Кыргызстан” ачык акционердик коому Ош филиалы.

Ошондой эле, иш-чарада колдонмо информатика жана маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистиктеринин негизги билим берүү программалары  менен таанышып,  иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты.

Фото галерея