ОшМУ "Евразиялык кесиптик мектеп" консорциумуна кирди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ "Евразиялык кесиптик мектеп" консорциумуна кирди

Image

 

Бүгүн, 25-октябрда М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин 70 жылдыгына арналган “Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга ОшМУдан орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу катышып жатат.

Академиялык диалог, тажрыйба алмашуу жана экономика тармагындагы жаңы идеяларды өнүктүрүүгө аянтча түзгөн эл аралык конференцияга Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Венгрия, Орусия, Азербайжан жана Өзбекстандын университеттеринин ректорлору катышууда.

Бул иш-чаранын алкагында  Кыргыз экономикалык университети, Ош мамлекеттик университети жана  Орусиядагы “Ачык гуманитардык институт” деп аталган жогорку билим берүү уюмунун ортосунда "Евразиялык кесиптик мектеп" (Евразийская профессиональная школа) консорциумун түзүү жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Консорциумга ылайык  келишимге кол койгон өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларда орто кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга багытталган иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Фото галерея