Ректор Быдгощ экономикалык университетинин илимий-инновациялык борборлору менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Ректор Быдгощ экономикалык университетинин илимий-инновациялык борборлору менен таанышты

Image

Ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Быдгощ экономикалык университетинин сууну тазалоочу илимий борбору, инновациялык жерди калдыктардан тазалоо борбору жана инновациялык мектебинде болду. Анда бул борборлордун, мектептин иш аракеттери менен жеринде таанышып, маалымат алышкан.  

Быдгощ экономикалык университети төртүнчү муундагы окуу жай болуп эсептелет. Ага ылайык, ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ- КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ - компоненттери бирдиктүү ишке ашырылат. Билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, долбоорлор өндүрүшкө багытталып,  жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуп келишет.

Буга байланыштуу университет шаар жана облус менен биргеликте илимий долбоорлорду биргеликте ишке ашырып, илимий-инновациялык борборлорду түзүшкөн.

Ушул тапта, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Польшадагы Быдгощ экономикалык университетинде иш сапарда жүрөт. Анда Быдгощ шаардык мэриясынын инновациялык технологиялар борбору, Ош мамлекеттик университети, Быдгощ экономикалык университетинин ортосунда келишимге жетишилди.

Фото галерея