Кышкы кабыл алуу 2023: ЖРТга онлайн каттоо жүрүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Кышкы кабыл алуу 2023: ЖРТга онлайн каттоо жүрүп жатат

Image

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Эскертүү!

Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет. Ал эми 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине) уруксат берилбейт.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

•        Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

•        Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;

•        ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

•        Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Онлайн каттоо боюнча суроолор жаралса (0312, 0502, 0500, 0550, 0770) 66-48-38 номерлерине кайрылсаңыздар болот