ОшМУда өзбек тил майрамы өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда өзбек тил майрамы өттү

Image

2023-жылдын 26-октябрында Өзбекстандын Ош шаарындагы баш консулу жана ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине караштуу Өзбек тили жана маданияты борбору биргеликте "Тил жашаса , улут жашайт" аталышындагы иш чара өткөрдү.

Майрамдык салтанатка  Өзбекстандын Ош шаарындагы вице консулу Ф.Усманов , А. Абдуразаков,  ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору  К. Аттокуров,  малекеттик тил жана социалдык иштер проректору М.Шарипова, Өзбек улуттук- маданий борборунун түштүк аймагы боюнча орун басары А.Атажанов, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун доценти М.Темирова жана башкалар катышты.
Иш-чара 21-октябрь "Өзбек тили" мамлекеттик тил статусун алганына 34 жылдыгына карата өткөрүлдү.  Анда студенттер тарабынан өзбек тилинде ырлар ырдалып, сахналык коюмдар көрсөтүлдү.

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө 50 миллионго жакын эл өзбек тилинде сүйлөйт. Бул жылы өзбек тил майрамын дүйнө жүзү белгилешти. Негизги максат өзбек тили, өзбек адабияты жана маданиятын жайылтуу, элдер ортосунда достук, ынтымакты күчөтүү.

Фото галерея