Ректор К.Кожобеков Туркияда студенттер менен жолукту

Башкы Жаңылыктар

Ректор К.Кожобеков Туркияда студенттер менен жолукту

Image

Туркияга болгон иш сапарынын алкагында ректор Кудайберди Кожобеков Памуккале университетинде билим алып жаткан ОшМУнун студентттери менен жолугуп, баарлашты. 
Учурда 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде академиялык мобилдүүлүк программасы менен Памуккале университетинде 14 студент, ал эми Сивас Жумхурийет университетинде 5 студент билим алууда .
Ошондой эле ректор Туркиянын Памуккале университетинин Ислам илимдер институту менен ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулган эл аралык Сарахси симпозиуму катышты.
Симпозиумда Сарахсинин укук түшүнүгү менен азыркы укук түшүнүгүнүн салыштырылышы, ислам укугунун калыптанышындагы Сарахсинин ролу, Сарахсинин экономика түшүнүгү менен бүгүнкү экономикалык түшүнүгүн салыштыруу, Сарахсинин эмгектеринин ислам укук адабиятындагы орду талкууланды.
Илимий и-чарада  ректор Кудайберди Кожобеков  баяндама жасады.

Фото галерея