Батыш Чех университети менен биргелешкен долбоорлор ишке ашат

Башкы Жаңылыктар

Батыш Чех университети менен биргелешкен долбоорлор ишке ашат

Image

ОшМУнун Батыш Чех университетинин философия факультетинин деканы Давид Щанс  баштаган делегация бүгүн, 31-октябрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Анда   “Эразмус Мундус” программасы боюнча долбоор жазуу, өнөктөш университет катары кызматташуу сунушу талкууланды. Бул багытта эки окуу жай кызматташтыктарды кеңейтүү маселелерин алып баруу иштерин жүргүзөөрү маалым болду.   

Буга чейин Батыш Чех университетинин профессору   Павел Варжека баштаган  докторанттар Кара-Суу районун Ак-Жар участкасында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анда казылып алынган табылгалар Чехияда лабораториялардан изилдөөлөрдөн өткөн.  

Учурда ОшМУга келген докторанттар ошол табылгалардын үстүндө лабораториялык жумуштарды алып барышууда. Делегациянын курамында ОшМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүсү, Батыш Чех университетинде магистратураны аяктап, учурда докторантурада окуп жаткан Акжол Досназаров да бар.

“Батыш Чех университетинен келген делегация менен биргеликте окуу жайдын Тарых жана социалдык иштер факультетинде да окутуучулар, студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, биргеликте археологиялык казуу иштерин алып баруу, студенттерди 1 айлык академиялык мобилдүүлүккө жөнөтүү, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери сүйлөшүлдү”,-дейт Тарых жана социалдык иштер факультетинин деканы Сабыр Арстанов.

ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда 2017-жылы билим жана илим тармагындагы байланыштар түзүлүп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган. 

Фото галерея