ОшМУ УТРК менен кызматташуу келишимине кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ УТРК менен кызматташуу келишимине кол койду

Image

Бүгүн, 3-ноябрда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Б.Тиллебаев менен ОшМУнун ректору К.Кожобековдун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы өлкөнүн жогорку окуу жайлары, алардын ичинде Ош мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташып келген. Буга чейинки жолугушууда жетекчилер биргелешип студия түптөө боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Келишимге ылайык, университет жаңы түптөлүүчү студияны жаңылоону, декорациясын жасалгалап, ага лед-экрандарды, жарыктандыруучу каражаттарды орнотууну колго алат. Корпорация болсо видео-техникалык камсыздоону, техникаларды ишке киргизүүнү жөнгө салат.

Ош облусундагы  УТРК-Ош  кеңсесинде жаңы ачыла турган студияда УТРК-Ош маалыматтык берүүлөрүн жана ток-шоу программаларын жаңыча чыгарууну колго алса, ОшМУнун  студенттери чыгармачылык жана  өндүрүштүк практикага кабыл алына баштайт.

Келишимге ылайык, университетин журналистика бөлүмүнүн студенттери УТРК-Ош телекомпаниясынын жаңы студиясында окуп-үйрөнүп, тажрыйба топтоп, телекөрсөтүү багытында адис катары калыптанышат.

Фото галерея