ОшМУда Индиянын Дивали майрамы белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Индиянын Дивали майрамы белгиленди

Image

Бүгүн, 8-ноябрь күнү Эл аралык медицина факультетинде Дивали фестивалы болду.  Дивали Индиядагы жарыктын караңгылыкты, жакшылыктын жамандыкты жеңгендигин билдирген негизги майрамдардын бири.

Майрамдык салтанатка КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов,  Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ОшМУда билим алып жаткан индиялык студенттерди улуттук Дивали майрамы менен куттуктады. Куттуктоо сөзүндө Кыргызстан укуктук жана ачык мамлекет катары дүйнөлүк маданий жана билим берүү мейкиндигине интеграцияланууга умтулуп жатканын айтты.  Бул жагынан ОшМУ өлкөдөгү ЖОЖдордун ичинен алдыңкы орунда экенин кошумчалады. Ошондой эле учурда ОшМУда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн миңдеген жаштар келип билим  алып, университетте улуттук маданий цивилизациялардын өз алмашуунун, өз ара аракеттенүүнүн уникалдуу атмосферасы түзүлгөндүгүн билдирди.

Иш-чаранын кийинки бөлүгү Индиянын жарык фестивалына арналган концерт программа менен коштолду. Анда студенттер өз өлкөсүн даңазалаган ыр-бийлерди аткаруу менен кыргыз элинин улуттук бийлерин бийлешип, ыр ырдашты. Индиянын улуттук кийимдерин кийген улан-кыздар фестивалга өзгөчө көрк тартуулашты.

Майрамдын алкагында катышуучулар жана коноктор Индиянын маданияты жана элдик салттары менен жакындан таанышты. Салт боюнча Дивали улуттук майрамын ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде билим алып жаткан Индиядан келген студенттер жыл сайын белгилешет.

Дивали индустардын эң чоң улуттук майрамдарынын бири.   Майрам беш күн катары менен белгиленет, үчүнчү күн эң маанилүү деп эсептелинет,  ушул убакта Жарык фестивалы өтөт.

Фото галерея