ОшМУнун мобилдик клиникасы калкка кызмат көрсөтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун мобилдик клиникасы калкка кызмат көрсөтөт

Image

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ОшМУнун медицинкалык клиникасына көчмө клиника берилди. Көчмө клиникада стоматология, гинекология, офтальмология, терапевт жана кулак-мурун оорулары боюнча, УЗИ, флюорография кабинеттери жана лаборатория жайгашкан. 
Мобилдик клиникадагы ар бир кабинетте, заман талабына ылайык медициналык жабдыктар, шаймандар орнотулуп, дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык шарттар каралган. 
ОшМУдагы сапарынын алкагында КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуу жайдын көчмө клиникасы менен таанышты.  
Бул мобилдик клиниканы ОшМУнун медициналык клиникасынын дарыгерлер тобу “Ден-соолук кербени” аталышында алыскы жана жакынкы райондорду, облустарды кыдырып, жеринде калкка кызмат көрсөтүшөт. Кайрылган жарандардын дарттары аныкталып, тиешелүү медициналык жардамдар акысыз берилет.

Фото галерея