ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Башкы Жаңылыктар

ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Image

ОшМУнун жамааты үчүн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Илим күнүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулуп, 2022-2023-окуу жылындагы окуу-усулук, илимий, тарбиялык иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Салтанатты окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесип ээлерин куттуктады.

“Акыркы убакта илимий багытка, илимий иштерге болгон көңүл буруу күчөп жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги талаптардын биринде да ар бир окутуучунун илимге кошкон салымы, илимий жетишкендиктери биринчи орунга чыгууда.  Ал окутуучунун индекс хиршасы аркылуу бааланууда. Акыркы жоболордо биз да бул багытка басым жасадык. Бүгүн илимий багытта илимий макаласы

Scopus  базасына катталган эл аралык илимий журналдардан чыккан макалалардын авторлоруна 15000 сомдон 75000 сомго чейин бир жолу берилүүчү сыйлыктарды тапшырабыз. Бул багытта 10дукка кирген окутуучуларга тиешелүү акчалай сыйлыктар ыйгарылат жана айлык акыларына да кошулат”, — деди ректор куттуктоо сөзүндө.

Майрамдык иш-чаранын алкагында университетте үзүрлүү эмгектенип, 2022-2023-окуу жылында окуу-усулук, илимий, тарбиялык иштерде салым кошкон  профессордук-окутуучулук курамга сыйлыктар тапшырылды.

Алгач өлкө башчысынын сыйлыктары э.и.д, профессор Ч.Кулуевага "Кыргыз Республикасынын эмгек синирген экономисти", м.и.д, профессор Р.Маметовго "Кыргыз Республикасынын эмгек синирген дарыгери"  ардактуу наамдары ыйгарылды.

Майрамдык кечеде КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары, ыраазычылык каты, Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы», “Илимдин мыктысы” төш белгилери, Ардак грамотасы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Ардактуу кызматкери” төш белгиси, Ардак грамотасы, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин,  Кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси, Ардак грамотасы,  акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө Илим күнүнө карата 2022-2023-жылдары жарык көргөн эмгектери үчүн өткөрүлгөн  “Мыкты монография-2023”, “Мыкты окуу курал-2023”,  “Мыкты окуу усулдук колдонмо-2023” номинациясы, “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган жана гриф менен чыккан окуу китептери-2023” номинациясы боюнча жеңүүчүлөргө диплом, сертификат  жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Илим күнүнө карата  2022-жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын ноябрь айына чейин докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон 4,  кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргогон 21 окутуучуга дипломдор, акчалай сыйлыктар берилди.

SCOPUS базасына катталган квартили Q1, Q2, Q3 илимий журналдардан чыккан макалаларга “Мыкты илимий эмгек” номинациясы боюнча 12 макала менен 10 авторго 15 000 сомдон, 75 000 сомго чейинки бир жолу берилүүчү акчалай сыйлыктар берилди.

2022-2023-жылдын жыйынтыгы менен илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, магистранттарды жана студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартууда жана профессордук-окутуучулук курамдын илимий ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө көмөк көрсөткөн  декандын илимий иштер боюнча орун басарлары жана университеттик, аймактык, республикалык жана эл аралык олимпиаданын женүүчүлөрү сыйланды.

Фото галерея