ОшМУнун магистранты жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун магистранты жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону болду

Image

Бириккен Араб  Эмирлигинин Дубай шаарында алгачкы жолу 21.1 км аралыкка чуркоо боюнча жарым марафон командалык Азия чемпионатында Кыргызстандын кыздар курама командасы 1-орунду ээледи. 

Команданын курамында ОшМУнун дене тарбия факультетинин магистранты Гулшаной Сатарова чуркады. 

Магистрант Гүлшаной Сатарова  спорттун жеңил атлетика түрү менен 20 жылдан бери машыгат.  Ал эми 2020-2021-жылдардан тарта марафон, жарым марафон аралыгына даярданып, мелдештерге катышып келген.

Ал айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жалгыз кыргыз спортчусу. 

Азиянын эки жолку чемпиону, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Азия оюндарынын жана Иранда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. 
Малайзияда өткөн жеңил атлетика турниринде 800 жана 1500 метрге чуркоодо 2 алтын медаль уткан. Гүлшаной Сатарова  Кыргызстандын Олимпиада курамында машыгат.

Фото галерея