ОшМУнун студенти Зарина Апышева эл аралык сынактын жеңүүчүсү аталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти Зарина Апышева эл аралык сынактын жеңүүчүсү аталды

Image

ОшМУнун орус филологиясы факультетинин 4-курсунун студенти Зарина Апышева орус жана чет өлкөлүк студенттердин – келечектеги чет өлкөлөрдөгү орус тили мугалимдеринин  педагогикалык чеберчилик конкурсунун жеңүүчүсү болду. Сынак Орусиянын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун демилгеси менен уюштурулган.

Мелдеш үч этапта өтүп, ага Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Болгария, Борбордук Африка Республикасы жана Орусиянын 35 университетинен келген 260 студент катышты. Финалга өткөн 30 студенттин катарында Орус филологиясы факультетинин эки студенти – Апышева Зарина жана Эргешева Таңсулуу да бар. Алар  Иваново шаарында Э.Д. Стасова атындагы эл аралык «Интердом» мектебинде стажировкадан өткөн.

Студенттер мастер-класстарга жана семинарларга катышып, насаатчылардын жетекчилиги астында сабактарды иштеп чыгышты жана өтүштү, орус тилин чет тил катары окутуунун методикасы боюнча лекцияларды угушту.

Жыйынтыктоочу илимий-практикалык конференцияда сынактын беш жеңүүчүсүнүн аты аталып, алардын катарына  Зарина Апышева кирди.  

Конкурстун катышуучулары менен орус тилинин алдыңкы мугалимдери, усулчулары, орус тили боюнча окуу китептеринин авторлору иштешти.


 

 

 

 

Фото галерея