Георгий Белов (некролог)

Башкы Жаңылыктар

Георгий Белов (некролог)

Image

Белгилүү окумуштуу, педагог, дарыгер, Эл аралык илим, билим, инженерия жана искусство академиясынын академиги, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын академиги, Полярдык медицина жана экстремалдык адам экологиясы академиясынын академиги, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо жогорку мектебинин ардактуу профессору, Эл аралык медицина университетинин ардактуу профессору, Казакстандын Дарыгерлер жана фармацевттер ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстандарттын эксперти, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин эксперти, улуттук медициналык климатология жана курортология мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири, медицина илимдеринин доктору, профессор Георгий Белов 69 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

          Георгий Белов 1954-жылы 19-апрелде Казакстандын Караганды шаарында туулган.

          Анын эмгек жолу И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында клиникалык ординатор, аспирант, патаанатомия кафедрасынын ассистенти болуп эмгектенүүдөн башталган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтунун лаборатория башчысы, бөлүм башчысы, директордун орун басары болгон. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында морфология жана полимердик технология институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинде директордун илим боюнча орун басары, Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун патологиялык анатомия кафедрасынын башчысы, ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы кызматтарын аркалаган.

          Георгий Белов илимий ишмердүүлүгүндө өлбөс-өчпөс из калдырды.

          1987-жылы – медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алган.

          2005–жылы медицина илимдеринин доктору диссертациясын коргогон.

          2006 –жылы реабилитациялык медицина, спорт медицинасы жана физикалык терапия, курортология жана физиотерапия багытында профессор наамын алган.

          2010 – жылы полярдык медицина жана адамдын экстремалдык экологиясы академиясынын толук мүчөсү катары кабыл алынган.

          2014-жылы - Эл аралык илим, билим, инженерия жана искусство академиясынын академиги болгон.

          Г.Белов аккредитация боюнча эксперт болгон жана акыркы 20 жылда Кыргызстандагы көптөгөн санаториялык-курорттук мекемелерди аккредитациялоого катышкан. Ал ошондой эле дары-дармек жана медициналык техника департаментинин эксперти болгон. Республикага 30дан ашык жаны физиотерапевттик приборлор боюнча эксперттик корутундуларды берген.

          Профессор Белов 17 илимдин кандидатын өзү даярдап гана тим болбостон, башка диссертацияларды да активдүү редакциялап, рецензиялап, аппонент болуп келген. КР Улуттук илимдер академиясынын үч диссертациялык кеңешинин мүчөсү болгон.

          Профессор Белов редакциялык иштерге көп көңүл бурган, чет элдик 2 журналдын редколлегиясынын мүчөсү, ошондой эле ай сайын чыгуучу илимий-практикалык «Кыргызстандын медицинасы» журналынын башкы редактору болуп эмгектенген.

          Ал энциклопедиялык кенен билимге ээ, эмгекке жөндөмдүү, журналистикага, поэзияга да убакыт тапкан чыгармачыл инсан эле. Анын басып өткөн жолу окумуштуулардын кийинки муундары үчүн түбөлүктүү үлгү болуп кала берет. Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

          Георгий Беловдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

 

 

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуун комитети , профессордук-окутуучулук  курамы, студенттер