Жыйынга Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурумбетов, кеңештин мүчөлөрү, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, проректорлор, пландоо-финансылык бөлүмдүн начальниги Динара Курбанбаева жана тиешелүү адистер катышты.
Кезектеги жыйындын күн тартибинде 10 маселе каралды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча пландоо-финансылык бөлүмдүн начальниги Динара Курбанбаева маалымат берди.
2023-2024- окуу жылында ОшМУнун административдик башкаруу, окуу көмөкчү, административдик-чарба, профессордук окутуучу персоналдарына, Медициналык борборунун, лицей-гимназияларынын, Зирек башталгыч билим берүү мекемесинин жана башка түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек маянасын көтөрүү, жана сый акыларды берүү, ОшМУнун 2024-жылга карата түзүлгөн бюджеттик жана атайын каражаттарынын жана окуу жайда өткөрүлгөн маданий, спорттук иш-чаралардын сметасы, күндүзгү бөлүмүндө окуган айрым категориядагы студенттердин 2023-2024-окуу жылына карата келишимдик төлөмдөрдөн жеңилдик берүү маселелери каралып, чечимдер кабыл алынды.