Көзөмөлчүлүк кеңеши университеттеги 10 маселени карап, чечим чыгарды

Main News

Көзөмөлчүлүк кеңеши университеттеги 10 маселени карап, чечим чыгарды

Image

Жыйынга Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурумбетов, кеңештин мүчөлөрү, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, проректорлор, пландоо-финансылык бөлүмдүн начальниги Динара Курбанбаева жана  тиешелүү адистер катышты. 
Кезектеги жыйындын күн тартибинде 10 маселе каралды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча пландоо-финансылык бөлүмдүн начальниги Динара Курбанбаева маалымат берди.
2023-2024- окуу жылында  ОшМУнун административдик башкаруу, окуу көмөкчү, административдик-чарба, профессордук окутуучу персоналдарына, Медициналык борборунун, лицей-гимназияларынын, Зирек башталгыч билим берүү мекемесинин жана башка түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек маянасын көтөрүү, жана сый акыларды берүү, ОшМУнун 2024-жылга карата түзүлгөн бюджеттик жана атайын каражаттарынын жана окуу жайда өткөрүлгөн маданий, спорттук иш-чаралардын  сметасы, күндүзгү бөлүмүндө окуган айрым категориядагы студенттердин 2023-2024-окуу жылына карата келишимдик төлөмдөрдөн жеңилдик берүү маселелери каралып, чечимдер кабыл алынды.