2 студент 150 000 сомдон грант алышат

Башкы Жаңылыктар

2 студент 150 000 сомдон грант алышат

Image

ОшМУнун бизнес паркынын кезектеги бизнес-тренинги жыйынтыкталып, 42 катышуучуга сертификаттар тапшырылды. 5 күндүк тренингде стартап долбоорлору бар катышуучулар рынокту туура анализдөө, атаандаштыкка жөндөмдүү товар же кызмат көрсөтүү секторун түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле алар бизнес-турда Ош шаарындагы алдыңкы ийгиликтүү ишканаларды кыдырып, таанышышты. Бизнес парктын 12- тренингине ОшМУнун студенттери, магистранттары, аспиранттары жана окутуучуларынан  164 арыз келип түшкөн.

Бизнес-тренингдин алкагында студенттер өздөрүнүн бизнес идеяларынын үстүнөн иштеп, долбоорлорун калыстарга сунушташты. Жыйынтыгында медицина факультетинин ФВ3(Б)-23 тайпасынын студенти Кубаныч Турдубаев, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Био(б)-1-22 тайпасынын студенти Зилола Бөрүбаева финалист болду. Жеңүүчүлөр бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн ар бири ОшМУдан 150 000 (жүз беш он миң) сом өлчөмүндө грант алышат.

Учурда ОшМУнун бизнес паркында бизнес-тренингдердин 13-агымы жүрүп жатат.

Фото галерея