Эл аралык олимпиадада ОшМУ 2-орунду багындырды

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык олимпиадада ОшМУ 2-орунду багындырды

Image

Орусиянын Новосибирск мамлекеттик университетинде өткөн хирургия жана морфология боюнча эл аралык олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинин студенттик «Vit'oss» командасы катышты. Олимпиадада 14 команда мелдешти. Жыйынтыгында, медицина факультетинин студенттик командасы, командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи.

Олимпиаданын жүрүшүндө катышуучулар жаныбарлардын жүрөк-кан тамырына, ичеги-карынга, жыныстык органдарга заманбап ыкма менен лапароскоп аппаратынын жардамында операцияларды жасады. Аны менен катар эле жарааттарды жабуунун бир нече ыкмаларын  аткарышты.

Олимпиадага катышкан медицина факультетинин 6-курсунун студенти Нусратулло Умаров “Мелдеште биздин команда эң жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, эң татаал операцияларга катышып, байгелүү орундарды алышты. Биз жалпы команданын атынан ректор К.Кожобековго жана медицина факультетинин жалпы жамаатына материалдык жардам жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”,-деди.

 

 

Новосибирск шаарында өткөн олимпиадага катышып, 2 жылдан бери билимибизди сынап келебиз. Уникалдуу операцияларды жасоо менен ал жерде өз билимибизди мыкты деңгээлде көрсөткөнү аракет кылдык.  Бул олимпиада биз үчүн көптөгөн кызыктарга бай жана билимибизди өнүктүрүүгө  жардам берди. Жеңиштин даамы ушул жылы өзгөчө болду. Бул жолу биз тажрыйбалуу болуп калганыбызга байланыштуу өзүбүзгө болгон ишеним пайда болгонун байкадык”-дейт медицина факультетинин 5-курсунун студенти Жайнагул Орунбаева.

 

 

Олимпиада эл аралык “Морфология жана илим” форумунун алкагында уюштурулду.

Фото галерея