ОшМУнун студенттери 989 687 сом мамлекеттик грант утуп алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери 989 687 сом мамлекеттик грант утуп алды

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш 8 стартап долбоорго каржылык колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Кеңешмеге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү онлайн/оффлайн форматында катышты.

“Студенттик стартап” сынагына 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер үч баскыч боюнча өтүп, жыйынтыгында 8 стартап-долбоор финалга өткөн.

Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактардагы стартап-долбоорлорун жакташты.

Жыйынтыгында 8 стартап-долбоордун сап башында ОшМУнун студенттеринин PARKING.G – Акылдуу тосмо (унаа токтотуучу жайларды жана төлөм системаларын автоматташтыруу) стартап-долбоору жеңип, мамлекет тарабынан 989 687 сом каржылоо алышты.

Стартап-долбоорду алып чыккан студенттер ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин программалык инженерия адистигинде билим алышат. Буга чейин студенттер ОшМУнун бизнес паркында окуудан өтүп, грант утуп алышкан.

Студенттердин стартап-долбоорлорун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом каралган. Анын 3 млн 160 миң 744 сому өздөштүрүлүп, жеңүүчү аталган 8 стартап-долбоорго же башкача айтканда 7 университет, 1 колледждин студенттеринин стартап-долбоорлоруна бөлүнүп берилет.

Фото галерея