ОшМУнун 5 студенти Президенттик стипендия алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 5 студенти Президенттик стипендия алды

Image

2023-жылдын 23-декабрында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 75 студенттине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи өттү. Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгилик жана жетишкендиктерди каалап, 60 миң сом өлчөмүндө президенттик стипендияларды тапшырды.

Президенттик стипендияга ОшМУнун 5 студенти ээ болду. Алар Медицина факультетинин студенти Айпери Нурбек кызы, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Даткайым Эртабылды кызы, Физика- Техника факультетинин студенти Кеңешбек Эмилбек уулу, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Сайкал Нурматова, Тарых жана социалдык иштер факультетинин студенти Мираида Чолпонкул кызы.

Жеңүүчүлөр ОшМУнун студенттери арасында 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен Президенттик стипендияга талапкерлерди аныктоо боюнча университеттик тандоо турунун жыйынтыгы менен тандалып алынган. Анда студенттердин окуудагы, илимдери, спорттогу жана коомдук, социалдык иштердеги мыкты жетишкендиктери каралган.

ОшМУда студенттерге 2012-жылдан тартып, “Атуулдук стипендия” жана  окумуштуулар стипендиясы ыйгарылып келет. “Атуулдук стипендия” эң мыкты 10 студентке ай сайын 100 доллар өлчөмүндө бир жылга чейин берилет.

Фото галерея