“Дидактика” гезити 5 жашта

Башкы Жаңылыктар

“Дидактика” гезити 5 жашта

ОшМУнун “Дидактика” гезитинин 5 жылдык мааракесине карата "Интернет доорунда гезиттин орду" аталышындагы форум өттү. Форумга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын, райондук жана шаардык гезиттеринин башкы редакторлору, журналисттер, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Иш-чарада жаңы медиа өнүккөн заманда гезиттерди сактап калуунун чаралары, басма сөз каражаттарынын орду талкууланып, гезиттердин окумдуулугун арттырууга жана редакцияларда интернет ресурстарын иштиктүү пайдаланууга багытталган биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү сунуштары айтылды.

Форумдун алкагында облустук, райондук жана шаардык гезиттеринин башкы редакторлорунун башын бириктирген "Алтын калем" клубу түзүлүп, резолюция кабыл алынды. Гезиттин редактору журналист Тургунбай Алдакуловго окуу жай тарабынан ыраазычылык кат, коноктор тарабынан Ардак грамоталар, төш белгилер таршырылды.

“Дидактика” гезити ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын илимий-педагогикалык, маалыматтык басма сөз каражаты болуп саналат.

2018-жылдан тартып жарык көрүп келе жаткан гезит учурда 1800 нуска менен ай сайын чыгат. Гезит ОшМУнун профессордук-окутуучулар жамаатына жана университеттин китепканаларына акысыз таратылат.

Фото галерея