ОшМУда «Интернационал достук клубу» иш алып барат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Интернационал достук клубу» иш алып барат

Image

ОшМУда «Интернационал достук клубу» студенттик бирикмесин түзүү чечими кабыл алынды. Мындай чечим ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан жаңы жылга карата уюштурулган “Достордун ОшМУдагы жолугушуусу” аттуу иш-чарада кабыл алынды.

Жолугушууга окуу жайдын факультеттеринде, колледждеринде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасынан окуунун жана коомдук-маданий иштердин мыктылары болгон 38 студент катышты. Алар Индия, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келип ОшМУда билим алып жаткан  студенттер. 

Достордун жолугушуусу чет элдик студенттердин ортосунда достук мамилени чыңдоо, аларды биримдикке чакыруу жана университеттин коомдук иштерине активдүү катыштыруу, элдердин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулду.

Жыйынга конок катары катышкан ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Олжобай Тойчубек уулу чет өлкөлүк студенттер мүчө болуучу клубду түзүү идеясы колдоого ылайык экендигин айтып, келечекте  иш-чараларды биргеликте өткөрүп, долбоорлорду ишке ашыруу сунушун билдирди.

Иш-чаранын соңунда клубду түзүү чечими кабыл алынып, студенттерге ОшМУнун бренди түшүрүлгөн белектер берилип, сый тамак уюштурулду. Кечени өткөрүүгө университеттин кесиптик бирлиги колдоо көрсөттү.

Фото галерея