“ОшМУнун Жарчысы” журналынын кышкы саны жарык көрдү

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУнун Жарчысы” журналынын кышкы саны жарык көрдү

Image

“Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы” журналынын кышкы саны (№4/2023) жарык көрдү. Жарыяланган материалдарды төмөнкү шилтемеден көрсөңүздөр болот:

https://journal.oshsu.kg/index.php/vestnik/issue/view/59

 

«ОшМУнун жарчысы» эл аралык мультидисциплинардуу илимий журналы 2000-жылдан бери чыгат.

Журнал Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан табигый, гуманитардык, социалдык, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда илимдин кандидаты жана доктору илимий даражасын алуу үчүн диссертациялардын негизги жыйынтыктарын жарыялоо үчүн, ошондой эле аспирантура, магистратурадагылар үчүн сунуш кылынган рецензияланган алдыңкы илимий журналдардын тизмесине киргизилген.

Учурда журнал РИНЦте (Российский индекс научного цитирования) индекстелет.

Журналга чыккан макалалардын маалыматтары CrossRefте катталып ар бир автордун макаласына DOI – цитаталарды, шилтемелерди жана электрондук документтерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдонулган санарип объектинин идентификатору ыйгарылат.

«ОшМУнун жарчысы» материалдарынын электрондук версиялары  journal.oshsu.kg/index.php/vestnikwww.e-library.ru  сайттарында коомдук доменде жайгаштырылган.