Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге камкордук

Башкы Жаңылыктар

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге камкордук

Жаңы жыл алдында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студент Алина Азамат кызынан кабар алды. Ректор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студентке акыркы үлгүдөгү электрондук араба белек кылды. Алина төрөлгөндөн бери баспай калган.  Учурда ал ОшМУнун индустриялдык-педагогикалык колледжинин дизайн адистигинин 2-курсунун студенти. Эми Алина башка тайпалаштары менен бирге жогорку кабаттарга көтөрүлүп, бардык аудиторияларда билим алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Буга чейин Алинага онлайн окуганга мүмкүнчүлүк берилген, окутуучулар байланышып билим берип келишкен. Буйруса бүгүндөн баштап кадимки студенттер сыяктуу эле бул кызыбыз да колледжге келип, бардык кабаттарга көтөрүлүп, кайсы аудитория болбосун студенттер менен чогуу билим алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт”,-деди ректор.

Алина Азамат кызы окуу жайда билим алууга келишимдик төлөмдөн толук бошотулган. 

ОшМУнун бардык окуу имараттарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн шарттар түзүлүп, кире бериштеринде пандустар орнотулган. Имараттардын ичиндеги тепкичтер да көрүүсү начар студенттерге ыңгайлаштырылып сырдалган.