Балдар үчүн балаты майрамы

Башкы Жаңылыктар

Балдар үчүн балаты майрамы

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана кесиптик бирлиги жыл сайын университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин балдары үчүн жаны жылдык балаты майрамын уюштуруп келет.

Балаты майрамы окуу жайдын башкы иманатындагы салтанаттуу жыйындар залында өтүп, ага 12 жашка чейинки 400гө жакын балдар катышты.

Майрамдык кечени ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуровдор ачып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 Кечени жомок  каармандары шаңга бөлөп, ыр-бийлер тартууланды. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги карманы болгон аяз ата, аяз кыз балдардын чыгармачылыгына күбө болуп, ар бир балага арналган шириндиктерди, белектерди тапшырды.

Фото галерея