Илимий изилдөөнүн Европадагы каржылоо булактары боюнча маалымат берилди

Башкы Жаңылыктар

Илимий изилдөөнүн Европадагы каржылоо булактары боюнча маалымат берилди

Image

ОшМУда “Илимий изилдөөнүн Европада жана Германияда каржылоо булактары (Нанотехнологияны турмушта колдонуу мисалында)” аттуу илимий-методикалык семинар өттү. Семинарга спикери Германиядагы Нанотехнология илимий борборунун илимий координатору, техникалык илимдердин хабилдүү доктору, профессор Талант Рыспаев болду.

Иш-чарага университеттин илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү, илимий долбоордун жетекчилери, илимий борбор, илимий институттун жетекчилери, декандар, кафедра башчылар жана декандын илимий иштер боюнча орун басарлары, андан сырткары магистранттар жана аспиранттар катышты.

Илимий-методикалык семинардын биринчи бөлүгүндө Нанотехнология жана аны колдонуу жөнүндө, ал эми экинчи бөлүгүндө Европанын жана Германиянын илимди каржылаган фонддору, долбоорлорду жазуу жана аткаруу боюнча маалыматтар айтылды.

“Азыркы тапта дүйнө жүзүндө техника илимдери, IT технология багыттарына суроо-талап жогору болуп жаткандыгы талашсыз. Семинар Европанын жана Германиянын кайсы фонддору менен кайсы багыттарда келишимдерди түзүп, эл аралык долбоорду аткарууга боло тургандыгы боюнча профессордук-окутуучулук курамга кененирээк маалымат жеткирүү максатында уюштурулду. Профессор Талант Рыспаев жалпы катышуучулардын бул багыттагы суроолоруна ылайык жоопторду берди”, -деп билдирди Илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Курбанбаева.

Профессор Талант Рыспаев эл аралык деңгээлдеги белгилүү окумуштуулардын бири. Ал Германияда 20 жылдан ашуун илим менен алектенип, студенттерге металлургия жана машина куруу боюнча лекцияларды окуп келет. Окумуштуунун эмгектери учурда медицина, авиация, машина куруу тармактарында кеңири колдонулат.

 

Фото галерея