ОшМУнун кичи футбол командасына бразилиялык оюнчу кошулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кичи футбол командасына бразилиялык оюнчу кошулду

Image

ОшМунун кичи футбол командасы Суперлиганын биринчи айланпасында 16 упай алып турнирдик таблицада 2-орун менен кийинки айланпага өттү. 
Эртең, 28-декабрда "Университет"  кичи футбол командасы Бишкектин Заря командасы менен беттеш өткөрөт.
Ректор Кудайберди Кожобеков команданы экинчи айлампага өтүшү менен куттуктап, бразилиялык футзалчы Дениэл Энрикени жамаатка тааныштырды.
Футзалчы Дениэл Энрике буга чейин Бразилиядагы кичи футбол боюнча күчтүү жана мыктылыгы боюнча экинчи орунда турган жаштар курама командасында ойноп келген.  Ал 23 жашта. Мыкты чабуулчу, коргоочу катары таанылган.
Дениэл Энрикеден сырткары экинчи айлампада ОшМУнун футзал "Университет" кичи футбол курамасы Марлен Жолдубаев, Мухаммед Аскарбеков, Ильяс Чотбаев, Деннисбек Амандык уулу жана Исломбек Кудайбердиев менен толукталды. Учурда окуу жайдын курама командасында 22 оюнчу ойнойт. 
КРдин кичи футбол боюнча ассоциациясынын чечими менен чемпионат жаңы формат боюнча баштапкы, буфердик жана финалдык болуп үч баскычта өтүп жатат. 
ОшМунун кичи футбол командасы алгачкы жолу 2022-жылы Суперлигада оюн көрсөткөн.

Фото галерея