Жаш илим изилдөөчүлөргө арналган семинар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Жаш илим изилдөөчүлөргө арналган семинар уюштурулду

Image

ОшМУда “Диссертациялык изилдөөнүн үстүндө иштөө процессиндеги айрым жаңылыштыктар”, “Магистратура жана аспирантурада окуган студенттердин өз алдынча таанымдык ишмердүүлүгүнүн маани-маңызы” деген аталыштагы илимий-методологиялык семинар өттү.

Семинардын спикери  Кыргыз-Түрк  “Манас”  университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Акматали Алимбеков болду.

Иш-чарага университеттин илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев баштаган  жетекчилер, жаш окумуштуулар, Педагогика жана психология, Математика жана информациялык технологиялар,  Физика-Техника жана Дене тарбия факультеттеринин аспиранттары, магистранттары катышты.

Педагогика жана психология факультетинин деканы Бакытбек Муратбаев жана педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанованын демилгеси менен уюштурулган семинар аспиранттардын жана магистранттардын илимий потенциалын жогорулатуу, окуу жайдын стратегиялык өнүгүү программасындагы илимий-изилдөө багытындагы милдеттерди аткаруу максатын көздөйт.

Фото галерея