Жатаканада жашаган студенттер жана эмгектенген кызматкерлер сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Жатаканада жашаган студенттер жана эмгектенген кызматкерлер сыйланды

Image

 

ОшМУ жатаканада жашаган студенттер үчүн жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарды. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп окуу жайдын башкы имаратындагы чоң жыйындар залында уюштурулган кечеге бардык жатаканаларда жашап жаткан студенттер, эмгектенген кызматкерлер катышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров, жалпы проректорлор студенттерди кирип келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Окуу жай жетекчиси университетте бир жыл аралыгында жасалган алгылыктуу иштер боюнча маалымат берип, алдыдагы өнүгүүгө алган багыттар тууралуу сөз кылды. Андан сырткары студенттер тарабынан даярдалган  майрамдык ыр-бийлерге күбө болду.

Жыңы жылдык иш-чаранын алкагында жыл ичи студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан студенттерден алынган сурамжылоо боюнча “Мыкты күзөтчү” номинациясын алган кызматкерлер университеттин ыраазычылык каты, кесиптик бирликтин Ардак грамотасы, акчалай сыйлыгы жана баалуу белектери менен сыйланышты.  Ошондой эле ар бир жатакадан жыл ичи уюштурулган маданий-массалык, коомдук иштерде активдүү катышкан студенттер университеттин ыраазычылык баракчасы, жаны жылдык белектери менен сыйланды.

Майрамдык салтанаттын соңунда студенттер үчүн бий кечеси уюштурулду.

Фото галерея