Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобековдун Жаңы жылдык куттуктоосу

Башкы Жаңылыктар

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобековдун Жаңы жылдык куттуктоосу

Кадырлуу  кыргыз элим! 

Урматтуу мекендештер!

Ордолуу Ош шаарындагы сүйүктүү Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын, жалпы жамаатынын атынан калың журтка жакшылыкты, чоң үмүттөрдү, албан ийгиликтерди, аруу тилектерди, максаттарды алып кирип келе жаткан 2024-жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын.

Жаңы жыл өткөн жылга бир кылчая карап, бул жыл аралыгында эмне иштерди аткара алдым, кандай максаттарыбыз орундалды, тилек-максаттарга бир кадам жакындай алдыкпы деп суроо менен кайрылып, өзүбүздө жооп издөөгө багыт берген мезгил. Ошол эле учурда жаңы кирип келе жаткан жылга максат кылынган иштерди, ой-тилектерди, иш-аракеттерди алдын-ала анализ жасап, тактап алууга үйрөтүп келет.

Узап бара жаткан жылы мамлекетибиздин эртеңки өнүгүү багытын көздөгөн, ага түздөн-түз таасир этүүчү иштер жасалгандыгын, өлкөбүздө билим берүү, илим изилдөө багытында өзгөчө колдоолор болгондугун айта кетпесек болбойт. Бүгүн биздин өсүп келе жаткан жаш муун татыктуу билим алууга, кайсы тармакта болбосун өлкөнүн туусун бийик желбиретүүгө белсенип жаткандыгын белгилегим келет. 

Узап  бараткан жыл Ош мамлекеттик университетибиз үчүн да бараандуу ийгиликтердин жылы болду десем жаңылышпайм. Окуу жайыбыздын коомдогу, эл аралык деңгээлдеги аброю, бедели көтөрүлдү. Изденүүлөр, жаңы саамалыктар, демилгелер түшүмүн бере баштады.

Жаңырган 2024-жаңы жыл элибизге ырыскы-дөөлөттү, ынтымак-ырашкерликти, бакубат жашоону алып келсин. Жаңы жылда Жараткан ар бириңиздерге дем-күч, шыктануу, чыгармачылык эргүү берсин. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө кут уялап, бакыттын шаңы жаңырып, ырыскы ыроолосун!

Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, коомубузда биримдик болсун. 2024-жыл ар бирибиз үчүн жакшылыктардын жылы болсун! Жаңы жылыңыздар менен!