ОшМУнун 23 кызматкери окутуунун заманбап ыкмалары боюнча окуу курсунан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 23 кызматкери окутуунун заманбап ыкмалары боюнча окуу курсунан өтүштү

Image

Бүгүн, 8-январда юридика факультетинин 23 окутуучусуна “Педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу” курсунан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Ж. Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган окуу курсу онлайын форматында болду.
1 айга созулган квалификацияны жогорулатуу  курсунда катышуучулар окутуунун заманбап ыкмаларын  жана электрондук билим берүү ресурстарын ишке киргизүү, кредиттик-модулдук системанын негизинде окуу процессин уюштуруу боюнча көндүмдөрдү  өздөштүрүштү. 
Ошондой эле  жогорку окуу жайдагы педагогика жана  психология, критикалык ой жүгүртүү,  педагогикадагы этика, риторика жана кеп техникасы, интерактивдүү компьютердик технологиялар, маалыматтык коммуникациялык программалар боюнча маалыматтарды алышты.
 “Педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу” курсунан өлкөдөгү ЖОЖдордон  63 окутуучу өткөн.