Кышкы кабыл алуунун экинчи туру башталды

Башкы Жаңылыктар

Кышкы кабыл алуунун экинчи туру башталды

Image

2023-2024-окуу жылына  жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталды.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 8-январда башталып, 10-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.
Белгилей кетсек, республика боюнча I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.
I турда Ош мамлекеттик университетине 52 талон  ташталып, анын ичинен 45 абитуриент кабыл алууга сунушталган. 
ОшМУдагы адистиктер, төлөм өлчөмү, окууга тапшыруу шарттары боюнча кененирээк ушул https://www.oshsu.kg/kg/page/4 шилтеме менен кирип аласыздар.