ОшМУнун медициналык клиникасында Панкоста шишигине операция жасалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медициналык клиникасында Панкоста шишигине операция жасалды

Image

Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы жолу ОшМУнун медициналык клиникасында оң өпкөнүн жогорку бөлүгүнүн – Панкоста шишиги (плевралдык локализациялуу апикалдык рак) менен ооруган бейтапка лимфа түйүндөрүн кесүү менен оң тарапка торакоскопиялык (көкүрөгүн ачпай, 3 кичине тешикчелерден) жогорку лобэктомия операциясы жасалды. 

Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, врач-хирург, онколог Жанек Белеков, Бишкек шаарынан келген хирург профессор Мухамедали Маткалыков жана хирург Арстан Назармаматов ийгиликтүү жасашты.

Клиникадан билдиришкендей учурда бейтаптын абалы туруктуу.

ОшМУнун медициналык клиникасында 2023-жылдын январь айында ашказан шишигине чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалган.

Учурда окуу жайдын  клиникасынын операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Фото галерея