ОшМУнун кичи футбол командасы Суперлигада лидерлик позицияда баратат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кичи футбол командасы Суперлигада лидерлик позицияда баратат

Image

ОшМУнун «Университет» кичи футбол командасы Бишкек шаарында 11-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Суперлигасынын 2-айлампасында “Алай” клубун 5:2 эсебинде жеңип, лидерлик позициясын ишенимдүү сактап калды. Юлдашбай Салимбаев беттештин мыкты оюнчусу болду.

Учурда команда жалпы эсеп боюнча 25 упай менен Суперлиганын сап башында, 2-айлампада команданын дагы бир оюну бар. 13-январда Нарын облусунда “Нарын” командасы менен ойнойт.

 Буга чейин ОшМУнун “Университет" кичи футбол командасы 28-декабрда Бишкектин “Заря” командасын 5:1 эсебинде, “Фарватер-Аман” командасын 6:3 эсебинде жеңген.

Учурда командада 22 оюнчу бар. 2-айлампада Марлен Жолдубаев, Мухаммед Аскарбеков, Ильяс Чотбаев, Деннисбек Амандык уулу, Исломбек Кудайбердиев жана легионер оюнчу бразилиялык футзалчы Дениэл Энрике менен толукталган. Команданын курамында ОшМУда эмгектенген окутуучулар, студенттер да бар.

ОшМУнун «Университет» кичи футбол командасы өлкөнүн тарыхында университет алып чыккан жалгыз команда болуп саналат. Команда алгачкы жолу 2022-жылы Суперлигада оюн көрсөткөн.

Фото галерея