Армениянын ЖОЖдору менен байланыштар уланат

Башкы Жаңылыктар

Армениянын ЖОЖдору менен байланыштар уланат

Image

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор Абдурашит Низамиев,  экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доцентинин м.а. Гулиза Момошева Армениянын Архитектура жана курулуш улуттук университетинде, Ереван мамлекеттик университетинде жана Армениянын улуттук агрардык университетинде болушту. Университеттердин материалдык-техникалык базалары жана эл аралык долбоорлор менен иштөөдөгү ийгиликтери менен таанышып, университеттер менен болгон байланыштарды бекемдөө багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

“Армениянын жогорку окуу жайларынын имараттары совет доорунда өзгөчө архитектура менен курулуп, кенендиги жана өлкөнүн бренди болгон таштар менен жасалгаланганы менен айырмаланып турат. Профессордук-окутуучулук курамдын дээрлик баары англис тилинде эркин сүйлөп, эл аралык долбоорлор менен активдүү иштешет экен. Бул биздин биринчи байланышыбыз, мындан ары да Армениянын окуу жайлары менен илимий чөйрөдө биргеликте иш алып барууну пландап жатабыз. Ошондой эле Армениянын башкы жаратылыш сыймыгы болгон Севан көлү менен да тааныштык”,- деди профессор Абдурашит Низамиев.

         8-январдан 13-январга чейинки аралыкта болгон иш сапар Эразмус+ долбоорунун  “Армения менен Кыргызстанда дисциплиналар аралык дипломдон кийинки билим берүү программаларын өнүктүрүү жана географиялык маалыматтык технологиялар тармагында изилдөө тармактарын бекемдөө” (GeoTAK) долбоорунун жыйынтыктоочу семинарынын алкагында болду.

Фото галерея