ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ҮЧ КОМИТЕТИНДЕ “ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САПАТ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР” МАКУЛДАШУУ ДОЛБООРУ ЖАКТЫРЫЛДЫ

Башкы Жаңылыктар

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ҮЧ КОМИТЕТИНДЕ “ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САПАТ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР” МАКУЛДАШУУ ДОЛБООРУ ЖАКТЫРЫЛДЫ

Image

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумдарында  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 25 млн. АКШ доллары суммасындагы “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар Каржылоо келишиминин” долбоору каралды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева долбоордун максаты изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана эмгек рыногунун талаптарынын жогорку билим берүү программаларында шайкештигин жогорулатуу болуп саналарын айтты.

Министрдин айтымында, келишимдин долбоору 4 компоненттен турат.

1-компонент. Тандалган ЖОЖдордо изилдөөлөрдүн жана инновациялардын жана окуу программаларынын сапатын жана шайкештигин жогорулатуу (19,7 млн АКШ доллары).

2-компонент: Университеттерде илимий изилдөө жана инновация үчүн потенциалды түзүү (4 млн АКШ доллары).

3-компонент. Сапатты камсыз кылуу үчүн жогорку билим берүү системасын башкарууну күчөтүү (0,5 млн АКШ доллары).

4-компонент. Долбоорду башкарууну, мониторингдөөнү жана баалоону колдоо (0,8 млн. АКШ доллары).

https://edu.gov.kg/admin/main/post/2430/change/