ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда 300 орундуу унаа токтоочу жай ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда 300 орундуу унаа токтоочу жай ачылды

Image

Ош шаарындагы жол тыгындарын жоюу, жол коопсуздугунун алдын-алуу максатында ОшМУнун "Ак-Буура" кампусунда унаа токтоочу жай ачылды.

“Унаа токтотуучу жай жол тыгындарын азайтып, айдоочулардын коопсуздугун камсыздайт. Буга чейин каралбай турган аянт толугу менен реконструкциядан өтүп, атайын веложол үчүн асфальт басылган. Жол тамандар төшөлүп, аянттын бир капталы толук жашылдандырылган эле. Бүгүн аталган аянтта  300 орунга ылайыкташкан  унаа токтотуучу жай даярдалып, пайдаланууга берилди”, -деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Унаа токтотуучу жайдын курулуш иштери бир жыл мурун башталып, окуу жай тарабынан каржыланган. Эми аталган аймакта жайгашкан ОшМУнун факультеттеринин, колледждеринин окутуучулары, студенттери, медициналык клиникага, мечитке келген шаар тургундары аталган унаа токтоочу жайдан акысыз пайдалана алышат.

Фото галерея