ОшМУда ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча проректорлорунун III  форуму өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча проректорлорунун III  форуму өттү

Image

ОшМУда “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” аталышында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын  мамлекеттик тил боюнча проректорлорунун III  форуму өттү. Форумда ЖОЖдордо  мамлекеттик тилдин колдонулушу, жайылтылышы, изилдениши, сакталышы, өркүндөтүлүшүнүн көйгөйлөрү, жетишкендиктер, учурдагы абалы боюнча баяндамалар жасалды.

Мындан сырткары тилдик деңгээлдер боюнча окутуунун максаттуулугу боюнча сунуштар айтылып, талкуу болду.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүдө кошкон салымдары үчүн ректор Кудайберди Кожобековго жана мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шариповага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси тапшырылды.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы  Каныбек  Осмоналиевге  “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

ОшМУда мамлекеттик тилди пайдалануу жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруу, мамлекеттик тилди окутуу жакшы жолго коюлган. Кыргыз тили окутуунун жана тарбиялоонун, илим изилдөөнүн  негизги тили катары колдонулат.

Учурда иш кагаздары 98% мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, кыргыз тили деңгээли менен, кесипке багытталып окутулуп, “Кыргызтестке” даярдоо курстары уюштурулган.  Ошондой эле, студенттер окууга тапшырганда  жана аяктаганда  кыргыз тилин билүү деңгээли текшерилет.  Ал үчүн студенттер кыргыз тили боюнча атайын деңгээлдик тестирлөөдөн өтүшөт.

Фото галерея