Кадрлар резервине конкурстан 139 талапкер өттү

Башкы Жаңылыктар

Кадрлар резервине конкурстан 139 талапкер өттү

Image

ОшМУнун профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө боюнча 1-этаптагы предметтик тестке 216 талапкер катышты. 
Жыйынтыгында сынакта 70 баллдан жогору алгандардын саны – 139, ал эми 70 баллдан төмөн алган талапкерлердин саны 67 болду. 
70 баллдан жогору алган талапкерлер эми педагогика, психология боюнча тест тапшырат.
ОшМУда кадрлар резервине конкурс 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Конкурсту өткөрүү, талапкерлерди тандоо боюнча атайын жобо иштелип чыгып, Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген.
Максаты университеттеги окутуучулук-профессордук курамды сапаттык жактан жакшыртуу, аймактагы кесипкөй, креативдүү кадрларды жумушка тартуу болуп саналат.
Кадрлар резервине конкурс бир жылда эки ирээт өткөрүлөт. Анда талапкерлер  предметтик, жана педагогика, психология боюнча тесттик сынактан өтүшөт. Тесттик сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлердин сабак өтүү жөндөмдүүлүгү окуу жайдын окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан каралат.

Фото галерея